Site icon Reporter.kg

Кадырбек Атамбаев менен апасы милицияга суракка кайра чакырылды

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева Бишкек шаардык милициясына суракка кайра чакырылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал суракка саат 11:00го, апасы 14:00го чакырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кадыр Атамбаев менен апасы 22-декабрда милицияда «Социал-демократтардын» мүчөлөрүнө козголгон иш боюнча күбө катары суракта болгон. Кадыр Атамбаев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, ал эми Раиса Атамбаева мурдагы президенттин жубайы болот.

Былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.

Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.

Жакында эле аталган иш боюнча партия мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катаганов милицияда суракта болгон.

Exit mobile version