Site icon Reporter.kg

Кадырбеков: Айылга өз уруусунун атын коёбуз деп мушташ чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандын кайсы бир айылга бир уруунун атын коёбуз деп жаңжал чыкканын парламентте шардана кылды.

“Кийинки мезгилдерде уруучулук күчөп жатат. Элдин түбүнө жеткен үч эле нерсе бар: 1. Караңгылык. 2. Руханий жардылык. 3. Бөлүнүп жарылуу. Муну мен эмне себептен айтып жатам. Жакында бир айылда (кайсыл айыл экенин айтпай эле коёюн) “биздин уруунун атын коёлу” деген демилге көтөрүлүп, бир айылдын адамдары бири-бири менен чабышыптыр. Канча адамдар жаракат алышыптыр, бул уят, шерменде нерсе. Эмне кылалы, “бир дагы айылга уурунун аты коюлбасын”- деп мыйзам чыгаралыбы? Анткени, бир айылда канча ууру жашайт. Муну текеберчилик үчүн эмес, өзүңдүн тарыхынды, тегиңди бил, биз бир кыргыз элинин өкүлү, адам экенибизиди билип, ынтымакка чакырсак”— деди.

Exit mobile version