Site icon Reporter.kg

Кадырбеков: Кумтөрдү канадалыктар күлбөгөндөй иштетели

Канадалыктар таба кылып күлбөгөндөй Кумтөрдү иштетип кетишибиз керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутат Нуржигит Кадырбеков парламентте билдирди.

“2 күн мурун президентибиз Кумтөр Кыргызстандын менчигине толугу менен өттү деп кабарлады. Кыргызда туулганына эмес, турганына сүйүн деген сөз бар. Чоң жоопкерчилик пайда болду. Бизге Центерра, канадалыктар эртең таба кылып күлбөгөндөй, сапаттуу башкаруу, иштетүү моюнга жүктөлдү. Кыргыздар өздөрү башкара албайт деген көз караштан кайтышыбыз керек”- деди.

Ошондой эле депутат Кумтөрдү иштетип жатканда экологияга көңүл бөлүп, мөңгүлөрдү талкалап албоого чакырды.

“Кумтөрдү иштетүүдө мөңгүлөргө өзгөчө көңүл бөлүнсө. Анткени, башкаларга баары бир  болчу биздин табият, биздин экология. Айрым маалыматтарга караганда дагы деле коркунучтар бар дейт. Экология кызматы 24 саат боюу мониторинг кылсын деген тапшырма берсек. Алтын деген ушундай нерсе аны көргөн адамдын башы айланып калчу эле. Байлык табабыз деп жатып мөңгүлөр талкаланып кетпесин. Өзгөчө көңүл бөлүнсүн”- деди Кадырбеков

Exit mobile version