Кадырбеков: Мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаң, тоюм бар эле деген ырчыларга чара көрүү керек — видео

Кадырбеков: Мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаң, тоюм бар эле деген ырчыларга чара көрүү керек — видео

Өнөр адамдарын элге алып чыгуу максатында «Сен көрөрманыңды күтпө, көрөрманга сен бар» аталышында жаңы долбоор даярдалат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Reporter.kg’ге маек куруп жатып билдирди.  

«Өнөр адамдарын элге алып чыгуу керек. Токтогул атабыз үйүндө жаткан эмес, эл кыдырган. Эл анын насаатын уккан, өнөрүн алган. Ошол сыяктуу эле өнөр адамдарын элге алып чыгуу, Кыргызстанды кыдыруу долбоордун негизги максаты», — деди Кадырбеков.

Маданият министри мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турарын айтып, кээ бир ырчыларга кайрылды.

«Өзбекстанда эстрада ырчыларына лицензия берилсе ырдай алат, бербесе ырдай албайт. Ал эми Кыргызстанда андай эмес, бизде эстрада ырчылары той бизнеси аркылуу каражат табат. Анткени лицензия берип, аларды мамлекет каржылоого күчү жетпейт. Бирок мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Себеби ушул мамлекеттин мыйзамы менен жашап, наам алып жатасың. Кээде ырчыларды анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаң, тоюм бар эле деген ырчыларды дагы угуп жүрөм,  мындайга чара көрүү керек», — деди Кадырбеков.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>