Site icon Reporter.kg

Кадыровдун 21 жаштагы кызы Чеченстандын маданият министринин орун басары болду

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы Айшат Чечен республикасынын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыров “Телеграм” каналында билдирди.

«Жаш болгонуна карабай, ал өтө татаал жана ири долбоорлорду жетектөөдө бай тажрыйбага ээ», — деп жазды Кадыров.

Кадыров 2020-жылы мартта кызын “Чечен Ресубликасынын алдындагы эмгеги үчүн” медалы менен сыйлаган. Медаль маданият жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген.

Айшат Кадырова 18 жашынан бери апасы Медни Кадырова негиздеген Firdaws мода үйүн жетектейт.

Кадыровдун 10 баласы — 4 уул жана 6 кызы бар. ЖМКлар анын көптөгөн туугандары мамлекеттик маанилүү кызматтарда иштешерин жазып келишкен. Бирок буга чейин анын балдары өкмөттүк кызматтарда иштешкен эмес. 

Exit mobile version