Site icon Reporter.kg

Кайгуул кызматкери уксус ичип алган баланы куткарып калды

Бишкекте жол  кайгуул кызматкери уксустун аралашмасын ичип алган 9 айлык наристеге убагында мециналык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөштү. Анын видеосу интернетке жарыяланды.

Маалыматка караганда, көчөдө турган милицияга 9 айлык наристенин апасы кайрылып, баласын ооруканага жеткирип берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматтык унаа менен бөбөктү тез арада №3 клиникага алып барган. Ал жерде дарыгерлер дароо жардам көрсөтүп, бала аман калды.

«Наристе үйдө ойноп жатып дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган», — деп кайгуул кызматкери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version