Кайгуул милициянын кызматкерлерине кол көтөргөн айдоочу кармалды — видео

Кайгуул милициянын кызматкерлерине кол көтөргөн айдоочу кармалды — видео

Бишкекте Кайгуул милициянын кызматкерлерине кол көтөргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. 

«20-январь күнү Аламүдүн базарына жакын жердеги аялдамада жол эрежесин көзгө илбей токтоп турган Honda Fit унаасынын айдоочусуна Кайгуул милициянын кызматкерлери кайрылып, тиешелүү документтерди сураган. Бирок айдоочу тартип сакчылардын талаптарын аткарбай,  документтерин бербей, оозго алгыс сөздөр менен кызматкерлерди сөгүп, каршылык көрсөткөн. Ошондой эле айдоочу милиция кызматкерлердин биринин видео-трекерин сындырып, аялдамада турган элдин жардамы менен белгисиз тарапка качып кеткен», — деп жазылат мекеменин маалыматында.

Бул факты  Кылмыштардын  жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  21-январь күнү 1995- төрөлгөн К.Д., аттуу Honda Fit унаанын айдоочусу кармалып, Сверлов райондук милициянын тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>