Site icon Reporter.kg

Кайгуул милициясы адашып кеткен баланын жакындарын таап берди

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте адашып кеткен 10 жашар кыз жакындарынын колуна тапшырылганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунун тургундары милиция чалып, кичине кыз адашып кетип, ата-энесин издеп ыйлап жатканын кабарлаган.

Ал жерге милиция кызматкерлери келип, баланын өздүгүн тактап, жакындарын таап, алардын колуна тапшырган.

Exit mobile version