«Кайнар» ресторанынына куран окутууга баргандарга эмне үчүн айып пул салынган жок?

«Кайнар» ресторанынына куран окутууга баргандарга эмне үчүн айып пул салынган жок?

Бишкек шаарынын Мамэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев  «Кайнар» ресторанына куран окутууга барган конокторго эмне үчүн айып пул салынбаганын брифинг учурунда айтты.

Кундашевдин айтымында, шаардык мэрия жеке жактарга айып пул сала албайт.

 “Жеке тараптарды биз айыпка жыга албайбыз. Эгер бизге кабар эртерээк берилсе анда мобилдик топту жана укук коргоо органдарын жиберип, башкача чара көрмөкбүз. Мындан улам «Кайнар» ресторанына гана айып салынды”, — деп жооп берген башкы дарыгер.

Кубан Кундашев ошондой эле киргизилген чектөөгө карабай ресторан көп адамдын келишине жол бергени үчүн  аталган жайдын администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылганын кошумчалады.

Айта кетсек, жогорудагы ресторанда 11-июнь күнү экс-депутат Өмүрбек Бабанов апрель айында каза болгон эжесине куран окутканын депутат Алы Карашев биздин сайтка тастыктаган.

Кийин Бишке мэриясы “Кайнар” ресторанынын ээлерине  “тийиштүү түзүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу” деген кине менен 13 миң айып пул салынганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>