Site icon Reporter.kg

Кайра шайлоо: Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин койду

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектеги №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болгондордун саны 40ка жетти.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 28-ноябрында болгон парламенттик шайлоодо аталган эки округда «баарын каршы» графа алдыга чыккан.

Exit mobile version