Борбордук шайлоо коммиссиясы Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого бюллетендерди тилкелерге жиберди. БШКдан билдиришкендей, бүгүн «Учкун» ААКнын имаратында 27-февралда өтө турган шайлоо бюллетендерин кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.
Маалыматка ылайык, Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалды. Анын 41 миң 916сы кыргыз тилинде, орус тилинде — 62 миң 872. Ал эми, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалды.
Биринчи май шайлоо округу боюнча болсо 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде болсо 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалды.
Белгилеп кетсек, борбор калаадагы кайра шайлоого жалпысынан 51 талапкер катышууда.