Site icon Reporter.kg

Кайрадан Шайлообек Атазов шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Свердлов райондук округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук округдары боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 14кө жетти.

28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны көп болгон. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо болот.  Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Буга чейин Шайлообек Атазов Төлөйкан шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, утулуп калган. Атаандашы Нурбек Алимбеков менен соттошконго чейин барып, соттон утулуп калган.

Сот Нурбек Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды

Exit mobile version