Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. К.Иманалиев Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык дайындалды.