Site icon Reporter.kg

Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралууу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Биринчи орун басарды эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды.

Кайрат Иманалиев буга чейин УТРКнын башкы директору болуп эмгектенген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version