Кайсыл айда төрөлгөн балдар акылдуу болот? Окумуштуулардын изилдөөсү

Кайсыл айда төрөлгөн балдар акылдуу болот? Окумуштуулардын изилдөөсү

АКШда  окумуштулар алты жаштан, он беш жашка чейинки балдарды изилдешкен. Ага миллиондон ашуун окуучулар катышкан. Анын жыйынтыгы менен август айында төрөлгөндөрдүн окууда жетишкен ийгиликтери эң төмөн экендиги белгилүү болгон. Ал эми сентябрь айында төрөлгөндөр тескерисинче эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан.

АКШнын улуттук экономикалык изилдөө бюросунун маалыматына караганда, сентябрь айында төрөлгөн балдар акылдуу, токтоо жана чыдамкай болушат. 

Окумуштуулар муну АКШда окуучулар мектепке толук алты жашка толгондо баргандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Сентябрь айынан декабрь айына чейин төрөлгөндөр менен жаз, жай мезгилинде төрөлгөндөрдүн ортосундагы  жаш айырмачылыгы дагы окуучулардын жетишкендиктерине кыйла таасир берерин айткан.

Чикаго университетинин окумуштуулары, кышында жана күзүндө төрөлгөндөр узак жашаарын айткан. Эң аз жашагандар бул март айында төрөлгөндөр, алардын ичинен 4 пайызы гана 100 жашка чыгат. Мындай көрсөткүч 1880 жана 1895-жылдары Чикагодо төрөлгөн 1500 кишини изилдөөнүн жыйынтыгында байкалган.

Бельгия, Нидерланд жана Францияда жай мезгилинин соңунда төрөлгөндөр спорт жаатында көп ийгиликке жетишкен. Бирок ошол эле учурда канадалык хоккеисттердин көпчүлүгүнүн туулган күндөрү жылдын биринчи жарымына туш келет. Ал эми ийгиликтүү англиялык футболчулардын басымдуу бөлүгү күз мезгилинде төрөлгөн.

Мындан тышкары, айрым адистер Нобел сыйлыгын алгандар менен алардын тулган күндөрүнүн ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп келишет. Бирок айрымдар адамдын интеллектуалдык деңгээлине төрөлгөн мезгилинин эч кандай таасири жок деп каршы пикирлерин билдирип келишет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>