Site icon Reporter.kg

Кактус Медиага каршылык: Митингчилер экиге бөлүнүп, чуу чыкты (Видео)

Активист Жолдошбек Сыргаков митингчилерге “Кактустун” жаңылыктарын окуп, басылма Тажикстандын “Азия плюс” агенттигинин басылмасы чыгарган маалыматты шилтеме кылганын айтып, митингчилерди тарап кетүүгө үндөдү.

«Андан кийин тажик элчилигинин жанында митинг өткөрүш керек, ага басылманын эч кандай тиешеси жок. Чыккыла», — деди.

Андан соң чуу чыгып, эки сүйлөйсүң деп, Сыргаковду кодулай баштады.

Нааразы болгон активист Жолдошбек Сыргаков ал маалыматты окубай эле келгенин айтты.

Ал, “ошол маалыматты жазган журналист эшикке чыгып эле, кечирим сурап койсун”- дейт.

Маалыматты окугандан кийин кырдаалга түшүнүп, пикири өзгөрүлүп митингге келгендерди тароого чакырды.

Буга чейин аталган басылма жарыялаган жаңылыгы туурасында жалпы кыргыз элинен кечирим сураган. Анда Тажикстан басылмаларынын биринин жазган кабарын шилтеме катары берген.

Exit mobile version