Site icon Reporter.kg

Калича Умуралиева кармалганы айтылууда

Бишкек мэриясынын алдындагы «Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева кармалды. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Умуралиева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты ырасатаган да четке каккан да жок.

Exit mobile version