Site icon Reporter.kg

Калича Умуралиева УКМКда төрт саат сурак берип чыкты

“Шаар парктары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин шаардык бөлүмүндө төрт саат сурак берип чыкты.

Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирип, Бишкектеги «Ынтымак» паркынан ишкердик кылуучуларга орундук берүү боюнча иште күбө катары суралганын айткан.

Анын сөзү боюнча, Тажыбаев аттуу жаран УКМКга арыз жазган.

Умуралиева 28-майда “Ынтымак” паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген адам менен муниципалдык ишкананын ортосунда келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Тажыбаев бул үчүн дароо эки айга 50 миң сом ижара акысын төлөгөнүн, акча бухгалтерияга түшкөнүн билдирди.

Буга чейин Калича Умуралиеваны УКМКнын кызматкерлери кармаганы айтылган.

Exit mobile version