Калифорния штаты Ысык-Көл аймагындагы туризмге инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Калифорния штаты Ысык-Көл аймагындагы туризмге инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Калифорния штатынын (АКШ) губернаторунун кеңешчиси Виталий Карихти кабыл алды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда туризмди, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Аймак жетекчиси Калифорния штатынын тажрыйбасын Ысык-Көл облусунда айыл чарбасын жана инновацияны өнүктүрүүдө колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз үчүн Калифорниянын тажрыйбасын штаты таанымал болгон маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө колдонуу маанилүү. Мамлекет жетекчилиги менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз», — деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Карихтин айтымында, Калифорния штаты Ысык-Көл облусунун туризм тармагына инвестиция тартуу маселесин карап жатат.

«Ысык-Көл облусунда ар кандай багытта туристтерди тартууда жакшы потенциал бар, ошондуктан мамлекеттин жетекчилиги туризмге инвестиция салууну караштырып жатат», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>