Site icon Reporter.kg

Маймыл чечек: АКШнын эки штатына өзгөчө кырдаал киргизилди

АКШнын Калифорния штатында маймыл чечегинин жайылышынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Андан мурда маймыл чечегине байланыштуу Нью-Йорк штатында жана Сан-Франциско шаарында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланган.

Штатта өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялаган губернатор Гэвин Ньюсом оорунун жайылышын алдын алуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирип, эмдөө үчүн көбүрөөк вакцина алынарын белгилеген.

Учурда АКШда 5,2 миңге жакын адам маймыл чечегин жуктурган. Оорудан каза болгондор жок. Маймыл чечегинин жайылышынан улам АКШ өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланышы мүмкүн экендиги айтылууда.

23-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегин саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version