Калктын кайсы катмарына сасык тумоого каршы эмдөө акысыз жасалат?

Калктын кайсы катмарына сасык тумоого каршы эмдөө акысыз жасалат?

2019-жылы Кыргызстанда калкты сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө менен камтуу 2,3%ды түздү, анын ичинде 21% тобокелдик тобунда турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

2020-жылы коронавирустук инфекциянын пандемиясына байланыштуу, грипптин, анын ичинде башка курч респиратордук инфекциялардын катталуусун жана өлүмүн азайтуу максатында профилактикалык эмдөөлөр өтүүдө.

Өнөкөт оорулары бар адамдар кезексиз эмделет: — жүрөк-кан тамыр жана дем алуу тутуму оор адамдар;

— 65 жаштан ашкандар;

— тез-тез ооруп жаткан балдар;

— кош бойлуу аялдар;

— медициналык кызматкерлер;

— калктын социалдык аялуу катмарына кирген адамдар.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тобокелдик тобунун 75 пайызын профилактикалык эмдөө менен жабууну сунуштайт. Учурда жогоруда аталган топтор үчүн эмдөө бүткүл республика боюнча акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүүдө.

Аталган министрлик эскертет, эмдөө баарына көрсөтүлөт, бирок баардыгын акысыз эмдөө менен жабуунун жолу жок. Жеке медициналык борборлордо вакцинаны акы төлөп алуу керек. Бүгүнкү күндө республикада акы төлөнүүчү негизде эмдөөдөн өткөн 5 миң 500дөн ашуун адам бар.

Сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө жүргүзүлөт: мисалы, Орусияда ал калктын 40% чейин камтыйт, Беларуста 41%, Казакстанда 10%, Венгрияда 85%, Улуу Британияда 25%, Германияда 27%, Испанияда 21%. Кош бойлуулукка каршы эмдөөнү камтуу боюнча Америка биринчи орунда турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>