Калматов: Кыргызстанда коронавирус менен ооругандарга 1300дөн ашык койка даярдалды

Калматов: Кыргызстанда коронавирус менен ооругандарга 1300дөн ашык койка даярдалды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен ооругандарга 1324 койка-орундук даярдалды. Мындай маалыматты бүгүн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Кубанычбек Калмамтов билдирди.

Алардын ичинен:
COVID-19 илдетинин оор түрү үчүн интенсивдүү койка-орундук – 153.
Облустар боюнча:
Бишкек – 204 (интенсивдүү койка-орундук – 32)
Ош облусу – 475 (интенсивдүү койка-орундук – 55)
Жалал-Абад облусу – 260 (интенсивдүү койка-орундук – 12)
Баткен облусу – 114 (интенсивдүү койка-орундук – 20)
Нарын облусу – 95 (интенсивдүү койка-орундук – 15)
Ысык-Көл облусу – 176 (интенсивдүү койка-орундук – 19).

Ошондой эле 823 резервдик койка-орундук даярдалган.

Кыргызстанда учурда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 746. Алардын 462 сакайып, бейтапканадан чыгарылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>