Калың карда ашууда калган айдоочуларга жол инспекторлору көмөктөшүүдө – видео

Калың карда ашууда калган айдоочуларга жол инспекторлору көмөктөшүүдө – видео

Бишкек — Ош унаа жолунда бурганак болуп, жолдо күрткүлөр тынбай пайда болууда, бирок буга карабастан жол тейлөө ишканалары тынымсыз иш алып барып жатат. Бул тууралуу “Репортёрго” Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек — Ош унаа жолунун 272 чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык посттунан Жалал-Абад облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бардык автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген. Себеби унаа жолдун бийик тоолу бөлүктөрүндө, Ала-Бел ашуусунда кар тынбай жаап, бурганак болуп, жолдо күрткүлөр пайда болууда.  Бирок бурганакка карабастан жол тейлөө ишканалары тынымсыз иш алып барып жатат.

Ашууда калган автоунаалар кар күрткүлөрүнө тыгылып, аларды чыгарууга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көмөктөшүүдө.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды азыр жолго чыкпоого чакырат.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолу жабык турат.

Ошондой эле бүгүн , 25-февралда саат 22:00дөн саат 6:00гө чейин бардык автоунаалар үчүн жол жабыларын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>