Кабыл Абдалиев: Салык төлөөдө кол тийбестиктер болбошу керек

Кабыл Абдалиев: Салык төлөөдө кол тийбестиктер болбошу керек

Бүгүн, 3-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев жыйында салык органдарынын аймактагы жетекчилеринин ишин сынга алды. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Ал посттордон келип түшкөн маалыматты сапаттуу көзөмөлгө албагандыгы жана кыйыр салыктардын бюджетке келип түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштин начар уюштурулуп жаткандыгына нааразы болду.

«Бардык жашыруулар эртеби-кечпи айкын болот. Таза иштебегендер билинбей калып калат деп ойлобошсун. Ошондуктан, принцип менен таза иштеңиздер. Биз мындан ары да коррупцияга каршы каттуу күрөш жүргүзүп, ак ниетсиз иштеген кызматкерлерден арылабыз», – деди МСКнын башчысы.

Абдалиев салыктардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жол берилгистигин белгилеп, ведомствонун бардык кызматкерлерине, жетекчилик курамдан баштап катардагы кызматкерлерге чейин тиешелүү экендигин билдирди.

«Ишкердик максатта товар ташып келген ар бир импорттоочу өлкөнүн бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөгө тийиш. Кол тийбестер болбош керек», — деп кошумчалады ал.

Жыйынтыгында салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз импорттоочуларды аныктоо жана салыктардын зарыл болгон суммасын өндүрүп алуу боюнча системалык иштерди уюштурууга басым коюу менен бир катар тапшырмаларды берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>