Site icon Reporter.kg

Калың карда калган Ысык-Көлдөгү малчыларга оор техникалар кетти (ВИДЕО)

Соңку күндөрү 28-30-май күндөрү жааган калың кардын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп, Тоң, Ак-Суу райондорунун жайлоолорунда чабандар мал жандыктары менен калып калгандыгы тууралуу маалымат түшүп, ӨКМ жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан кар көчкүнү тазалоо иштери жүргөн.

Жеринде координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында ӨКМ министринин орун басары Эделбек Кулматов баш болгон ыкчам топ жана 3 бирдик оор техника жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Exit mobile version