Site icon Reporter.kg

Камактагы Атай Бейшенбектин апасы бийликке кайрылды — видео

Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө шектелип кармалган активист Атай Бейшембектин апасы Роза Калиева бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууну өтүндү.

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы Горький сейил багында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен камакта жаткан активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты.

Роза Калиеванын айтымында, уулу үч айдан бери камалып жатат жана аны менен эч кандай байланыш болбой жатат.

“Биз жок дегенде сотту ачык өткөрүүнү жана адилеттүү чечим чыгарып берүүнү талап кылат элек. Кармалгандардын күнөөсү жок деп эсептейм. Аларды жок дегенде үй камагына чыгарууну өтүнөм. Анын массалык башаламандык уюштуруу оюнда дагы болбосо, жөн гана камакта жатканы бизди капа кылып жатат. Атайдын кичинекей үч кызы бар, алар атасын күтүүдө”, — деди Роза Калиева.

Ошондой эле, ал бийлик өкүлдөрүнө, сотко кайрылып, бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарып берүүнү жана аларды бошотууну талап кылды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен төрт үй камагына чыгарылган, калган 24 адам №1 СИЗОдо кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version