Site icon Reporter.kg

Камактагы Жоомарт Карабаев президентке кайрылды

Камакта отурган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев УКМКнын тергөөчүсү аны коркутуп-үркүтүп, басып жасап жатканын билдирип, президентке кайрылды. Анын катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган Карабаев УКМК ага козгогон кылмыш ишти мыйзамсыз деп эсептей турганын белгилеген. Жоомарт Карабаев ага кылмыш иши УКМК, Илимдер академиясы тууралуу билдирүүлөрү үчүн козголгон деп эсептейт.

Жоомарт Карабаев ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн экенин, өз жанына кол салбай турганын билдирген. Ал катында президент Садыр Жапаровго кайрылып, ага карата болгон «куугунтукту жана мыйзамсыз токулган кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алууну» суранган.

Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Exit mobile version