Site icon Reporter.kg

Камактан качкан коркунучтуу кылмышкер колго түштү

Адилет Сагынбеков атту 1994-жылы туулган кылмышкер Бишкектен кармалганын Чүй облустук милициянын басма-сөз кызматы билдирди.

Чүй-Бишкек күч органдары биргеликтеги аракетинен улам,  Адилет Сагынбековду Бишкек шаарынын Теңдик конунушан колго түшүргөн. 10-сентябрь күнү 15:50 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына алып келип, ал ошол имараттын оозунан качып кеткен.

Адилет Сагынбеков 1994-жылы туулган. 10-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарынын 1-тергөө абагына которулган.

Ага Ысык-Ата райондук соту Жаза кодексинин 352-берене боюнча (Жаза аткаруу кызматынын кызматкерине коркутуу күч колдонуу ) кылмыш жообун тарткан.

Exit mobile version