Site icon Reporter.kg

«Камбар-Ата – 1» ГЭСин курууга 1,5 млрд сом бөлүндү

«Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Депутат белгилегендей, 1,5 миллиард сом “Электр станциялары” акционердик коомуна насыя түрүндө берилген.

Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата — 1» ГЭСинин курулушу 8-июнда башталган. Божомолдор боюнча, аталган ГЭС жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул жайкысын Кыргызстандын 234 миллион долларга электр энергиясын экспорттоосуна мүмкүндүк берет.

Exit mobile version