Site icon Reporter.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСин үч өлкө биргелешип курат

Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 6-январда үч өлкөнүн энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстанстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов колду койду.

«Жолугушуунун алкагында тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, долбоорду ишке ашыруудан биринчи үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болуусуна басым жасалды. Андан соң тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болгон даярдыктар башталды.

«Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Бүгүн биз Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт» — дейт министр

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version