Site icon Reporter.kg

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин акцияларын өлкө жарандарына сатуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков «Камбар-Ата-1» ГЭСинде Казакстан менен Өзбекстандын үлүшү 33 пайызды түзгөнүнө кабатырлануусун билдирди. Бул тууралу ал парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн пикиринде, Кыргызстан контролдук пакетти колдон чыгарбашы керек.

«33 пайыздан алган кошуналардын үлүшү 51 пайыздан ашып кетет. Биз Тажикстандын мисалында, башка өлкөлөрдү эмес, өзүбүздүн элдин акчасын тартууга аракет кылсак болот. Мисалы, Сангтудин ГЭСинин курулушу башталарда акциялар элге сатылган», — деди Чыңгыз Айдарбеков.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттын сунушуна каршы эместигин айтты.

Анын маалыматында, ГЭСтин курулушу 8 жылга созулат. Дүйнөлүк банк менен биргеликте юридикалык компания жалданып, долбоорго катыша турган тараптардын шарттары каралат.

«Жалпы келишим 31 жылга деп жатабыз. Курулушка 8 жыл кетсе, ГЭС 20 жыл иштегенден кийин 100 пайыз Кыргызстандын карамагына өтөт», — дейт ал.

Буга чейин ГЭСтин курулушуна 3 миллиард доллар сарпталышы айтылган.

Венада «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу боюнча форум өтөт

Exit mobile version