Site icon Reporter.kg

Камчы Көлбаев No47 колонияда кайсы күнгө чейин отура турганы белгилүү болду

Камчы Кольбаев

Биринчи Май райондук сотунун 16-январдагы чечими менен Камчы Асанбекке [Көлбаев] карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү узартылды.

Райондук соттун басма сөз кызматынан Reporter.kg’ге кабарлашкандай, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын No47 мекемесинде кармоо менен мөөнөт 2021-жылдын 22-февралына чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  2020-жылдын 22-октябрда Бишкекте кармалган.  Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.

Exit mobile version