Site icon Reporter.kg

Камчы Көлбаев тил каттын негизинде бошотулганы айтылууда

Камчы Кольбаев

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Асанбекке (Көлбаевге) карата бөгөт коюу чарасын 22-мартка чейин узарткан. Бул тууралуу “Репортёрго” аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы чечими менен Камчыбек Асанбектин баш коргоо чарасынын мөөнөтү 22-мартка чейин узартылган.

Айрым маалымат каражаттары Бишкек шаардык соту кримтөбөлдү сыртка чыкпоо тил каттынын негизинде бошотконун жазышууда.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  2020-жылдын 22-октябрда Бишкекте кармалган.  Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.

Exit mobile version