Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Бишкек шаарынын тургунунун 1000 долларын тартып алган Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жабырлануучу милицияга 9-июнь күнү арыз менен кайрылып, факты боюнча териштирүү башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары «Цапля» деген каймана ат менен жүргөн 37 жана «Рина» деп аталган 46 жаштагы кишилер кармалды. Мындан башка дагы 41 жаштагы эке шектүү колго түшкөн. Алардын биринен револьвер куралы табылган. Ал дагы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Кармалгандардын бардыгы убактылуу кармоо жайына киргизилген. Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
[su_image_carousel source=»media: 31405,31406,31407,31408,31409″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>