Site icon Reporter.kg

Камчыбек Көлбаевдин тобундагы «Алтуха» үй камагына чыгарылды

«Алтуха»  каймана аты бар кримтөбөл Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарга шилтеме берип ​​билдирди.

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганы такталды.

Маалым болгондой, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүлөрү киргизген.

Айрым маалыматтарга караганда, Алтынбек Ибраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берген. Анын шериктери камакта калды.

Эске сала кетсек, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү — Алтынбек Ибраимов (Алтуха), Азамат Шаршеев (Протез), Кенжебай Тажибаев жана Адилет Касенов май айында кармалган.

Алар СИЗОго киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version