Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиев блогерге видео тарттыртпай койду (ВИДЕО)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында депутат Бактыбек Жетигеновдун тарапташтары менен жолугушууга келген жашыруун кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев блогер Адилет Балтабайды видео тартууга тыюу салды. Бул боюнча ал блогер өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфирде айтты.

Анын айтымында, Бакыт Жетигенов боюнча Ташиевдин пикирин сурайын деген, Ташиев “Жеке пиар кылганды укпагыла, баары жакшы болот” деп ишарат кылды. Аңгыча жанынан бирөө келип, видео тарттырбай, телефон аппаратын алууга аракет жасаган.

 

Exit mobile version