Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиев Болот Темировдун иштери боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий берди.

Ал Болот Темировго карата кылмыш иштери УКМКнын жетекчисинин уулу боюнча иликтөө жарыялангандан кийин эмес, үч-төрт ай мурун козголгонун белгиледи.

« Болот Темиров 28 жашында Орусиядан Кыргызстанга кайтып келгенде, жөнөкөй адамдын аскердик билетине сүрөтүн чаптап, фамилиясын өзгөртүп, ошол аскердик билет менен барып, Кыргызстандын паспортун алган. Бул кылмыш иши. Документтерди бурмалаганы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Бул документтерди берген ыйгарым укуктуу органдар да жооп бериши керек. Биз журналисттерге жеңилдиктерди бере албайбыз. Журналист мыйзамды бузуп, жазасыз калса болбойт. Мындай кылууга болбойт”, — дейт Камчыбек Ташиев.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров бул дооматтарды четке кагып, сөз эркиндигине басым жасоо аракети катары сыпаттап келүүдө.

Exit mobile version