Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал кечээ, 28-апрелде, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен. Кайсы өлкөгө, канча мөөнөткө кеткени боюнча маалымат жок.