13-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында УКМКнын 6-аймактык бөлүмүн ачты.
Ачылыш аземине атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмүнүн өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкулдөрү катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: «Бул аймака атайын бөлүм ачуу зарылчылыгы өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында келип чыкты. Кыска убакытта курулушун аяктап, пайдаланууга тапшыруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган болчу. Эми бардык керектүү шарттар түзүлгөн бул жаңы имаратта өзүңөрдүн мамлекетибиз, элибиз алдындагы милдеттериңерди татыктуу улантышыңар зарыл экенин дагы бир жолу эскертемин…» — деди.
Аймактык бөлүмдүн курулушу ушул жылдын август айында башталып, ноябрь айынын акырында толугу менен бүткөрүлгөн. Кызматкерлер үчүн заманбап бардык шарттар түзүлгөн.
Аймактык бөлүмдү куруу зарылчылыгы Лейлек районунун географиялык абалынын шартына байланыштуу жаралган. Коопсуздукту камсыз кылууда ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эми кызматкерлерге толук шарттар түзүлдү жана талаптар күчөтүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз