Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 17-февралда 35 жаштагы Канышай Махратбек кызы Ташиевге кайрылып, бала кезинен көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ошондой эле анын улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп-интернатында окуп жатканын билдирген. Махратбек кызынын айтымында, ал балдары менен батирде жашашат.

Канышай Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок. Ага үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга кайдыгер эмес жарандар кайрымдуулук уюмдары аркылуу жардам берип келет.

Буга чейин алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес.

Махратбек кызы УКМКнын төрагасына белек кылынган турак-жай үчүн ыраазычылык билдирген.

Exit mobile version