Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиев ооруканага түштү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу «Репортёрго» УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тастыктады.

«Ал кишинин ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатканы чын. Абалы канааттандырарлык, тынчсызданууга негиз жок», — деди Сулайманов.

Бирок эмнеси ооруп, ооруканада жатканы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Exit mobile version