Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиев Темиров Live чыгарган иликтөө боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Темиров Live каналы чыгарган иликтөө боюнча өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына үн катты. 

«Урматтуу эл журт! Темиров Live аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп! Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот, бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсенер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убаракерчилик. Мен өзүмө ишенем жана эл журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасайм.
Ал эми КНГ жана КПК ишканалары боюнча маалымат билдирип коеюн. КНГ ишканасы 2020—жылы 564 мл сом, ал эми 2021—жылы 2 млрд сом киреше тапкан. КПК 2020—жылы 40 млн сом чыгым болгон, ал эми 2021— жылы 200 млн сом киреше тапкан. Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат, себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган. Ал эми 2021-жылдын башынан бери жетекчи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот, атасы жаш кезинен көз жумган. Өзүнүн жеке күчү менен Россиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет (ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган, бирөөнүн акысын жебеген, өтө кайрымдуу). Мамлекетибиз тарабынан коюлган тапшырмалар ашыгы менен аткарылды жана алдыда мамлекет тарабынан мындан да көптөгөн тапшырмалар таза, акыйкат аткарылат деп ойлоймун.Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш аткарышпайт да, иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет. Урматтуу эл журт, мен жана менин жакындарым эч качан элден уурдаган эмес жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бүт күч аракетибизди жумшап эмгектенип келебиз»,-деп жазган Ташиев.

22-январь күнү кечки саат 19:15тер чамасында Temirov LIVE каналынын кеңсесине беткап кийген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирип келген. Алар тинтүү жүргүзүп, иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.

Журналист өзүнүн кармалышын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөөгө байланыштырды.

Ташиев өз билдирүүсүндө журналисттин кармалышы боюнча комментарий берген эмес.

Exit mobile version