Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиевдин абалы дале оор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы дале оор. Бул тууралуу Ташиевге таандык делген «Регион» телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов саясатчынын уулу Тай-Мурас Ташиев билдиргенин Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабыздын учурдагы (5-июль 2020-ж. саат 16:00) абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Камчыбек Кыдыршаевичтин уулу Тай-Мурас Ташиев билдирди. Кудай сактасын», — деп жазган журналист.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев буга чейин пневмония дартына чалдыгып, ооруканада оор абалда жатканы айтылган эле.

 

[su_image_carousel source=»media: 33740″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version