Site icon Reporter.kg

Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы соңку посту талкуу жаратты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы соңку посту талкуу жаратты. Анын тарапташтарынын бири Өткүрбек Рахманов орусча постун кыргызча которуп чыкты. Анда мындай деп айтылат:

Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик бүт баарын.. Биз да башкалардай эле жөн жай бир инсанбыз. А эмнеге кечире албайсың, сен эмне Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Сен эмес, а түгүл Кудай кечирип атпайбы, кимсиң деги сен? Сен болгону 8 миллиард адамдын ичинен бирөөсүсүң, алың ушул. Кудайдан да бийик, Кудайдан мыкты болуп кетпейсиң да!!! Күндөрдүн бир күнүндө жөн эле бир көптүн бири болуп, жөн эле адам болуп о дүйнөгө узап, бул опаасыз дүнүйөнү таштап кете беребиз…”

Ал ортодо бул посту Фейсбукта талкууга жем таштады.  Маселен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев бул постун түпкү маанисине токтолуп «ынтымакка чакыруу аракети башталганбы» — деп суроо салды.

Жалпы журттук элдешүү процесси башталабы? Башталса — мындай процессти кандай өңүттө түшүнөсүздөр жана карайсыздар? Мен мисалы, кыска айтканда, колдойт элем. Мунун себеби жөнөкөй — Кыргызстан мамлекет катары ар кандай жагдайлардан улам убакытты уттурду. Кээ бир тармактарда жана маселелерде артка кетип калды.  Ынтымакка келип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бири бирибизге кулап салып, кеңешип өлкөнү алдыга жылдырганга эмнеге жетсин…”-деди.

Соңку кездери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен анын досу президент Садыр Жапаровдун ортосунда кандайдыр бир таасир талаш болуп жатканы боюнча ар кандай кептер айтылып жаткан. Айрымдары пост Садыр Жапаровго карата айтылган кыйытма катары божомолдогонго жетишти.

Ошол эле кезде кээ бир Фейсбук колдонуучулары бул посту Кемпир-Абад маселесинен улам абакта жаткандарды бошотот деп жоромолдой салышты.

Астролог Камчыбек Ташиев үчүн февраль айы кооптуу экенин айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version