Site icon Reporter.kg

Камила Талиева Мамдуманын депутатынын сөзүнө жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын Кыргызстанда жер-суу аттарын, анын ичинде Бишкектеги райондордун аттарын кыргызчага өзгөртүү демилгесине байланыштуу айткандарына жооп кайтарды.

Камила Талиева өз сөзүндө Светлана Журова Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканын белгилеген.

«Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргызстандын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет», — дейт ал.

Талиева Светлана Журованы эки өлкөнүн алакасына терс таасирин тийгизе турган билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырган.

«Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү. Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам», — деди ал.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын биринчи күнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев кыргыз тили тууралуу маселени көтөрүп, өлкөдөгү башка тилдеги жер-суу аттарын, анын ичинде Бишкектеги райондордун аттарын кыргызчага өзгөртүүнү сунуштаган.

Шакиевдин бул сунушунан кийин Россиянын Мамлекеттик думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, депутат Светлана Журова үн катып, аталган сунуш орус тилинен баш тартууга алгачкы кадамдар экенин, бул нерсе Кыргызстандагы «орус адамдардын» укугун бузарын билдирген.

«Балким Владимир Владимировичке жеткиришип, ал кесиптеши, Кыргызстандын президентине бир аз эскертүү берип коет», — деген ал.

Бишкектин райондорун кыргызча атоо. Мамдуманын депутаты үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version