Президент Садыр Жапаров “Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-мартта кабыл алынган.
Мыйзамда камсыздандырууну ишкердик иштин түрү катары жүзөгө ашыруу боюнча негизги жоболор, анын ичинде камсыздандыруу уюмдарын түзүү, лицензиялоо, жөнгө салуу, ишин токтотуу жоболору каралган. Ошондой эле бул мыйзам менен камсыздандыруу рыногундагы жеке жана юридикалык жактардын ишинин шарттары, камсыздандыруу рыногун мамлекеттик жөнгө салуу боюнча милдеттери жана камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын ишин көзөмөлдөө мамилелери аныкталат.
Мыйзамдын максаты туруктуу камсыздандыруу чөйрөсүн түзүүгө, жарандардын жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле эл аралык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргызстандын позициясын бекемдөө болуп саналат.