Site icon Reporter.kg

Канадада премьер-министрдин жубайы коронавирус жуктуруп алды

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнө таяныа чет элдик басылмалар жазышууда.

 Өкмөт башчынын жубайы Софи Грегуар-Трюдо  дарыгерлердин сунушунан кийин , коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгында ал вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Ал эми Трюдонун өзүнөн илдеттин белгилери табылган эмес. Ал 14 күндүк карантинге алынып, кызматтык милдетин үйдөн аткармай болгон.

Кытайдын Ухан шаарынан тараган коронавирус учурда Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда. Мындан улам Европанын айрым өлкөлөрүндө карантин жарыяланды.

Exit mobile version