Site icon Reporter.kg

Канададан келген кыргызстандыктын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы чыкты

Кыргызстандын жараны Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышып келген. Анда катышуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени айтылган. Мындан улам Кыргыз жараны «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилип, коронавируска тест тапшырган.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги ал жаранды 13-мартта инфекциялык ооруканага жаткырган. Учурда андан алынган тесттин жыйынтыгы чыгып, коронавирустун белгилери аныкталган жок. Бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Exit mobile version