Site icon Reporter.kg

Канат Исаев: БШКга документтер өз убагында жеткирилген

«Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында документтерди жеткирген. Мындай пикирин аталган партиянын лидери Канат Исаев бүгүн, 25-августтагы маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтуусуна караганда партия өкүлдөрү саат 18:00гө чейин барганы катталган.

“Кыргызстан партиясынын өкүлдөрү БШКга убакты жөнөшкөн жана алардын 20 мүнөттөй кошумча убактылары болгон”,- деди Исаев.

Буга чейин айрым басыламалар өздүк булактарына таянып, “Кыргызстан” партиясы белгиленген мөөнөткө чейин документтерин тапшырып жетишпей калганын жазышкан.

Бирок муну менен катар эле БШК билдирүү таратып, “Кыргызстан” өз мөөнөтүндө тийиштүү документтерди өткөргөнүн билдирген. 

Exit mobile version