Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Исаевдин бөгөт чарасы 2-декабрда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырылган.
Эскерте кетсек, 22-ноябрда Канат Исаев кармалганы белгилүү болгон. Соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин камакка алынган. Исаевге «уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» беренеси боюнча айып тагылууда.